ОШ ШААРЫНДАГЫ ЖАШЫЛ АЙМАКТАРДЫН ЭКОСИСТЕМАЛЫК КЫЗМАТТАРЫН БААЛОО
Абсатаров Равшанбек Ракманалиевич, б.и.к.,
А. Мырсабеков атын. Ош мамлекеттик педагогикалык
университетинин илимий иштер боюнча проректору,
Мамасадык уулу Арстан, окутуучу,
А.Мырсабеков атын. Ош мамлекеттик педагогикалык
университети,
Маметова Кызбурак, аспирант,
Ош технологиялык университети
E-mail: rrr_51@mail.ru
Негизги сөздөр. Шаар чөйрөсү, парктар, урбанизация, экосистемалык кызматтар, жашыл аймактар.
Аннотация
Урбанизация процессинин тездеши жакыр жана жашоо шарты начар жашаган шаардагы райондордун көбөйүшүнө, инфраструктуранын жана кызматтардын жетишсиздигине, абанын булганышынын начарлашына жана шаарлардын пландан тышкары жайылып кетүүсүнө алып келет. Мындай маселелер Кыргызстандын шаарларына да тиешелүү. Жогорудагы маселелерди чечүүнүн бирден- бир жолу шаардын жашыл зоналарын көбөйтүү эсептелет. Анткени шаардын экологиясын жакшыртуунун негизги жолдорунун бири жашылдандыруу. Жашыл мейкиндиктер ар бир шаардын архитектуралык ландшафтынын ажырагыс элементи болуп саналат, алар көптөгөн экологиялык кызматтар менен бирге, биринчи кезекте, санитардык-гигиеналык милдеттерди аткарышат. Жашыл аймактардын экосистемалык кызматтарын баалоо аркылуу илимий негизде жашылдандыруу жумуштарын аткаруу учурдун негизги талабы. Адам баласынын жыргалчылыгы туруктуу өнүгүүнүн максаты, шарты жана натыйжасы болсо, анда биз — ден-соолук мындай жыргалчылыктын эң маанилүү компоненти деп айта алабыз. Саламаттыкты сактоо адамдын эң маанилүү муктаждыгы, ал эми аны коргоо шаар куруунун чечүүчү критерийи болуп саналат.
Адабияттар
- Абсатаров, Р.Р. Экологическая роль и место зеленных насаждений в городской среде (на примере города Ош) / Р. Р. Абсатаров // Наука. Образование. Техника. – 2015. – № 2(52). – С. 195-201. – EDN WADOMN.
- Кенешов Т.С., Кульбатыров Д.Б., Малий Г.К. Генеральный план города Ош (основные положения генерального плана на период до 2025 года) Бишкек, 2015.
- Маметова, К. К. О важных перспективах и фнкциях древесно-кустарниковых насаждений, используемых в благоустройстве и озеленении города Ош / К. К. Маметова // Известия Ошского технологического университета. – 2020. – № 1. – С. 213-222. – EDN NCBXJW.
- Метод определения, оценки и интеграции экосистемных услуг (ESIVI): пошаговое руководство / С. Уайт, П. Раукрофт, С. Смит, С. Анастасопулюс, И. Бренкли. URS, Лондон, 2012.
- Соколова, О. Е. Функции и экосистемные услуги озелененных территорий поселений / О. Е. Соколова, Е. В. Потапова, О. А. Бархатова // Географические исследования Азиатской России и сопредельных территорий: новые методы и подходы : Материалы Международной конференции, посвященной 70-летию географического факультета ИГУ, Иркутск, 01–03 октября 2019 года. – Иркутск: Иркутский государственный университет, 2019. – С. 211-215. – EDN UJJBEW.
- Per Bolund, Sven Hunhammar,Ecosystem services in urban areas, Ecological Economics, Volume 29, Issue 2, 1999,